Site icon Reporter.kg

Токтогул суу сактагычында 9 млрд 595 млн куб метр суу калды

Бүгүн, 7-февралга карата Токтогул суу сактагычында 9 млрд 595 млн куб метр суу калды. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын сайтында айтылат.

Суу сактагычка секундасына 169 куб метр суу агып кирип, 670 куб метр суу агып чыгууда.

Былтыр ушул эле күнү суу сактагычта 8 млрд 928 млн куб метр суу болгон. 150 куб метр агып кирип, 641 куб метр агып чыгып турган.

Exit mobile version