Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,1 млрд. кубметрге чейин азайды

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17,1 млрд. кубметрге чейин азайды

Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 17 млрд 181, 25 млн. кубметр. Бул тууралуу ААК «Электрдик станция» билдиргенин “Акчабар” каржылык порталы жазып чыкты.

Суунун орточо агымы 237 секундасына кубметрди түзөт, чыгаша – 392 кубметр. 

13-октябрь менен салыштырып караганда, суунун көлөмү 80,2 млн. кубметрге кыскарган.  Бул учурдан тарта суу сактагычтын чыгашасы агымдан секундасына 62-155 кубметрден ашып жатканы маалымдалат. 

8-октябрдан тарта, 13 – октябрга чейин суунун агымы жана чыгашасы бирдей болгон. Суу сактагычты толтуруу 8-октябрга чейин гана жүргүзүлгөн. 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>