Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 млрдга аз

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,9 млрдга аз

«Биз өткөн кыштагы кемчиликтерди белгилеп, аларды оңдоо менен катар келерки күз-кыш жылытуу мезгилине алдын ала даярдыктарды көрүүбүз керек. Электр энергиясын иштеп чыгуу жаатында, башкы милдеттердин бири – бул Токтогул суу сактагычында суунун керектүү көлөмүн топтоо болуп саналат. Суунун көлөмү аз экендигин эске алуу менен электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу саясатын жүргүзүүбүз зарыл», — деди премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөттүн жыйынында 2020-2021-жылкы күз-кыш жылытуу мезгилинен өтүү жыйынтыгы жана 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилине экономика тармактарын жана калкты даярдоо  маселесин талкуулоо учурунда.

Өкмөт башчы белгилегендей, электр энергиясын жоготуулардын деңгээлин,  ошондой эле бөлүштүрүү компаниялары тарабынан пайдаланылган электр энергиясына дебитордук карыздарды төмөндөтүү зарыл. Белгилесек, 2020-жылдын соңуна карай бир дагы бөлүштүрүү компаниясы Өкмөттүн дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча тапшырмасын аткарган эмес. Мындан тышкары, бардык мамлекеттик органдар сууну сактоо максатында пайдалануу лимитин сактоосу, авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу боюнча иштерди жүргүзүүсү керек.

«Ар бир жетекчи ишкана үчүн жоопкерчиликти өзүнө алсын, ошондо гана ар бир мекеменин иши алга жылат. Калктын бийликке карата ишеними ушундан башталат. Жетекчилер өз обьектисинин кезектеги жылытуу мезгилине карай даярдыгын өзгөчө көзөмөлгө алуусу маанилүү», — деп жыйынтыктады Улукбек Марипов.

Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымдагандай, 2021-жылдын 1-январына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12,25 млрд метр кубду түзүп, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,7 млрд метр кубга аз (14,95 млрд м3).

Болжол боюнча, Токтогул суу сактагычына келүүчү суунун көлөмү орточо жылдык деңгээлге жетип, 96% түзүшү керек болсо, натыйжада, ал болгону 90% түздү. Учурда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,7 млрд метр кубду түзөт, бул 2020-жылга салыштырмалуу 2,9 млрд метр кубга аз.

Анын айтымында, бөлүштүрүүчү электр компаниялары жана ири өнөр жай ишканалары орнотулган чектен 332,8 млн кВ саатка, же  2,7%га ашкан.

Көмүр өнөр жайына тийиштүү билдирсек, 2,5 млн тонна көмүр өндүрүлгөн, бул 2019-жылга салыштырмалуу 1,8%га көп. Атап айтканда, түндүк аймакта –1,2 млн тонна көмүр жана түштүк аймакта 1,3 млн тонна өндүрүлгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>