Site icon Reporter.kg

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 млрд метр кубга аз

Күз-кыш мезгилинин башына карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркыдан 2,9 миллиард метр кубга аз болду. Бул тууралуу маалымат жыйынында Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

Анын айтымында, 3-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,9 млрд кубометрди түздү.

«Ал эми суу сактагычтын суу ресурстарын сактап калуу жана күз-кыш мезгилин ийгиликтүү өткөрүү максатында Бишкек ЖЭБине жүктөмдү жогорулатуу жана Казакстан жана Өзбекстан менен электр энергиясын өз ара камсыздоо пландалууда», — деди Талайбек Байгазиев.

Exit mobile version