Токтогулда 1,5 тонна кара куурай жок кылынды, — сүрөт

Токтогулда 1,5 тонна кара куурай жок кылынды, — сүрөт

Кара-Көл милициясы тарабынан 1,5 тонна кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кара-Көл ШИИБи тарабынан 3-августан 9-августка чейин шаар аймагында “Кара-Куурай” аталышындагы ыкчам иликтөө жана алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын жүрүшүндө 1 гектарга жакын аянтта өскөн жапайы кара куурайлар орулуп, өрттөлүп жок кылынды.

Аталган иш-чараны өткөрүүгө коомчулук менен биргеликте жалпысынан 35 адам тартылып, аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча тиешелүү актылар түзүлгөн.

[su_image_carousel source=»media: 38025,38026,38024,38023″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>