Site icon Reporter.kg

Токтогулда 27 жаштагы келин өз жанын кыйды. Милиция териштирүүдө

Токтогул районунда 27 жаштагы келин өзү жашаган үйдүн сарайына асынып алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, окуя 6-февралда саат 20:30дар чамасында болгон.

Аталган факт Токтогул РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

«Каза болгон келиндин өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалып, бирок жакын туугандары сөөктү экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкандыктан акт түзүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда келиндин эмне себептен өз өмүрүнө кол салгандыгынын себептерин аныктоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version