Токтогулда 30 жаштагы адам сууга чөгүп кетти

Токтогулда 30 жаштагы адам сууга чөгүп кетти

Токтогул районунда эркек киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-мартта саат 23:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Терек-Суу айылында 30 жаштагы эркек киши Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.

Издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12 куткаруучу жана 2 милиция, жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:15те убактылуу токтотулган.

Издөө иштери бүгүн, 10-март күнү улантылары айтылат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>