Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин айкели орнотулду. Бул тууралуу «Айтыш» коомдук фонду кабарлады.
Айкелдин ачылыш аземи 20-апрелде болуп өткөн. Ага эл акындар, ЖК депутаттары, акындын замандаштары, шакирттери, үй-бүлөсү катышкан.
Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ал төкмө акын гана эмес, ырчы, обончу катары таанылып, эл арасында белгилүү «Булбулум», «Аруузатым», «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Коштошуу вальсы», «Мунарым», «Балкыма» чыгармаларын жараткан.
Акын 2020-жылдын 20-апрелинде 42 жаш курагында каза болгон.