Site icon Reporter.kg

Токтогулда Бишкек-Ош жолунун жээгине туруп алып баңгизат саткан адам кармалды

Токтогул районунун Үч-Терек айылында Бишкек-Ош жолунун жээгине туруп алып баңгизат  сатып жаткан адам кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган жаран Токтогул районунун 37 жаштагы тургуну болгон. Анын жанынан 10 даана скотчко оролгон  4 кг 633 граммды түзгөн баңгизат табылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү баңгизаттарды 55 жаштагы айылдашынан  алгандыгын билдиргендиктен, анын жашаган үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, далил буюмдар алынган.

Аталган факты Жазык кодексинин 267-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

 Кылмышка шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.  

Exit mobile version