Токтогул районуна караштуу Комсомол айлынын мектеп окуучулары мүрзөнүнүн айланасын таштандылардан тазалашты. Бул тууралуу аталган айылдын башчысы Чыңгыз Сейитбеков социалдык тармактагы баракчасына чыгарды.
“Сейдана Молдокева атындагы №7 орто мектебинин 7-8 классынын окуучулары кабырга зыярат кылып, андан соң тазалоо иштерин толук кандуу аякташты. Урматтуу Токтогул шаарынын тургундары, жакында эскерүү келе жатат ошондо дагы кайдыгер карабайт деген ишеничтебиз жана барыңыздарды тазалыкка чакырабыз”, — деген Сейитбеков.