Токтогулда оор жүк ташуучу унаа ала салып 2 адам жабыркады

Токтогулда оор жүк ташуучу унаа ала салып 2 адам жабыркады

Токтогулда оор жүк ташуучу унаа ала салып 2 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 17-февралда Бишкек-Ош унаа жолунун 236-чакырымында Ала-Бел ашуусунда болгон. Анда Howo үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркаган.

ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин тез жардам кызматкерлери жабыркаган адамдарды Токтогул райондук ооруканасына жеткиришкен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>