Site icon Reporter.kg

Токтогулда тургундун үйүнөн жарым тонна баңгизат табылды

Токтогулда тургундун үйүнөн жарым тонна баңгизаты табылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-октябрда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Токтогул районунун жашоочусу үйүндө өсүмдүк түрүндөгү баңгизатын даярдап жатат деген маалымат түшкөн.

Ыкчам- иликтөө иштеринин жүрүшүндө 38 жаштагы Ү.М. аттуу тургундун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, сарайынан 15 канистр, 5 бочка, 4 мүшөккө салынган күрөң-жашыл түстөгү өзгөчө кендир жыты бар зат табылган.

Алардын жалпы салмагы 541 килограмм 609 граммды түзгөн. 

Соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгы менен аталган заттардын 489 килограмм 760 граммы суюктук баңги заты, 51 килограмм 849 граммы марихуана экендиги аныкталган. 

Мындан тышкары, “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу курал, 7.62 калибриндеги 12 даана ок табылган.

Учурда шектүү соттун чечеими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери башталган.

Exit mobile version