Site icon Reporter.kg

Токтогулда үйдөн чыккан өрттөн киши каза болду

13-ноябрь күнү Токтогул районуна караштуу Жаӊы-Жол айыл аймагына караштуу Арал айылындагы турак үй өрттөнүп жатат деген маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жерине жергиликтүү өрт өчүрүү кызматы барып өрттү толугу менен өчүргөн.

Өрттүн кесепетинен турак үйдүн ээси 1956-ж.т. Д.К.Т. өрт чыкан үйдө каза болгон.

Өрт курчоого саат 09:31 алынып, толук өчүрүү 14:16.

Өрттүн себеби такталууда.

Exit mobile version