Site icon Reporter.kg

Токтогулда жаштар имамга унаа белек кылышты

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылындагы “Мухаммадкадыр” жума мечитинин имамы Айбек Дүйшөбаевге аталган айылдын жаштары Nissan X-Trail үлгүсүндөгү автоунаа белек кылышты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Айбек Дүйшөбаев 30 жылдан ашуун имамдык милдетин аркалап келген. Анын төрт уул, үч кыз, бир небереси бар.

Имам жаштардын мындай демилгесине ыраазычылыгын билдирди.

Exit mobile version