Токтогулда жол кырсыгынан 2 адам мерт кетип, жетөө жаракат алды

Токтогулда жол кырсыгынан 2 адам мерт кетип, жетөө жаракат алды

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 2 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 216-чакырымында Mercedes-Benz Sprinter үлгүсүндөгү эки унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 адам каза болуп (С.Т. аттуу 45 жаштагы эркек киши, У.А. аттуу 49 жаштагы аял киши), 7 адам ар түрдүү жаракат алышкан.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, жаракат алгандарды куткаруучулар жеткенге чейин жолдон өткөн унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>