Site icon Reporter.kg

Токтогулдагы суунун көлөмү 12,8 млрд метр кубга жетти

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16-сентябрга карата 12 млрд 842 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» мамлекеттик ишканасынын сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, суу сактагычка секундасына 333 метр куб суу агып кирип, 199 метр куб агып чыгууда.

2023-жылдын 16-сентябрында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,592 метр куб болгон.

Exit mobile version