Site icon Reporter.kg

Токтогулдан 8 кг. “гашиш” менен нарындыктар кармалды

8 килограммга жакын “гашиш” баңгизаты менен Нарын облусунун жашоочулары кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 14-октябрында түнкү саат 02:00до Токтогул шаарындагы Бишкек –Ош унаа жолунан  Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинде 24 жаштагы Д.у.И. менен 25 жаштагы Т.у.Э болгон. Тинтүү маалында автомобилдин багажынан кара түстөгү спорттук сумканын ичинен 15 даана скотч менен таңгакталган өзгөчө жыты бар кара-күрөң түстөгү зат табылган

Токтогул райондук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул баңги кылмышына тиешелүү башка жарандарды аныктоо боюнча мындан аркы иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Exit mobile version