Site icon Reporter.kg

Токтогулдун Арал айылында 225 орундуу мектеп салынат

Жалал-Абаддын Токтогул районунун Арал айылында Т. Тешебаев атындагы 225 орундуу мектеп салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Маалым болгондой, мектепти курууга 69 млн 874,6 миң сом каралган.

Сынак боюнча арыздар 15-сентябрга чейин кабыл алынат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version