Токтонасыров Конституциянын жаңы долбоору коомдон жашырылып жатканын айтып митингге чыкты

Токтонасыров Конституциянын жаңы долбоору коомдон жашырылып жатканын айтып митингге чыкты

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 8-февраль Бишкектеги «Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмунун Бишкектеги программалык кеңсесинин» алдына кезектеги акцияга чыкты. Ал бул жолу колуна «Өтө жашуурун» деп жазылган кутуча кармап, Конституциянын жаңы долбоору коомго ачыкталбай, жашырылып жатканын айтып чыкты:

» Кыргызстандын лигитимсиз бийлиги, баса белгилеп айтуу керек 5-6 октябрдан кийин, жөн жай эле бийликке келип алып, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип, мыйзамсыз иштерди жасап жатышат. Массалык маалымат каражаттары аркылуу Конституциянын жаңы долбоору жазылганын жарыялап, бирок бул кутучага салган жашуурун материал сыяктуу жаап-жашырып жатышат. Конституция- коомдук келишимдеги документ. Анда өлкөнүн тагдыры менен байланышкан маселелер камтылган. Лигитимсиз бийликтеги, туура эмес иштеп жаткан депутаттар: Жапаров, Кыдыралиев бийликке жагынуучулук маанай менен иш-аракеттерди мыйзамсыз жүргүзүп, Конституциянын бир эле күндө үч окуудан өткөзүп, элге алып чыккылары келип жатат. Бул туура эмес! Эмне үчүн мен пикиримди айтууга укугум жок. Менин укугум бузулуп жатат. Талабым Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму баш мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга кою мүмкүнчүлүгүнө көмөктөшсүн».

Коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкери чыгып, журналистти көрүп кайра кирип кеткенин кошумчалап, имараттын бийик тосмолорун да сынга алды.

«Бул жай түрмө эмес, эл аралык уюм менен коомдун ортосунда мындай бийик тосмо болбошу керек. Мындай метод менен иштөө аларга аброй алып келбейт», — деген пикирин билдирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>