Site icon Reporter.kg

Токтонасыров окуучуну урду деген мугалимди коргоп чыкты (ВИДЕО)

“Мугалимди ким когойт?”- деген жазуусу бар плакатты көтөрүп алып жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Билим берүү министрлигинин алдында пикетке чыкты.

Ал Аламүдүн районунун Лебединовка айылындагы мектептин мугалиминин жумуштан кеткенине нааразы болуп, министрликтен мугалимдин укугун коргоп алуусун талап кылып чыккан.  Ошондой эле мугалим негисиз жумуштан кеткенин айтып, мугалимди коомчулук коргоп калуу керектигин айтты.

Буга чейин Лебединовка айылында №1 орто мектебинин мугалими окуучуну жулкулдатып жаткан видео тарап, андан соң ал мугалимдин жумуштан кеткени кабарланган болчу.

Лебединовкада окуучуну урган мугалим жумуштан кетти

Exit mobile version