Site icon Reporter.kg

Толкунбек Абдыгулов кызматтан бошотулду

Толкунбек Абдыгулов Эл аралык валюта фондундагы кеңешчи кызматынан бошотулду.  Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,  президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 6-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык Абдыгулов Толкунбек Сагынбекович Эл аралык валюта фондунун аткаруучу директорунун Кыргыз Республикасынан кеңешчиси кызматынан бошотулду.

Мындай чечимге КР Улуттук банкынын төрагасы Кубанычбек Боконтаевдин сунушу негиз болду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version