Site icon Reporter.kg

Төлөм акыны сом менен кабыл алуудан баш тарткандар жоопко тартылат

Жогорку Кеңеште “Кыргызстандын  улуттук валютасындагы эсептешүүлөр жөнүндө” мыйзам долбоору кайра иштелип чыкты. Демилгечилер өлкөдө ички соода, көбүнчө кыймылсыз мүлк, автотранспорт, кредиттер, турларды уюштуруу чет элдик валюта менен жүргүзүлүп жатканын, доллар кымбаттаганда баалар өсүп, элге оор келип жатканын белгилейт.

Андыктан кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү (автомототранспорт жана баалуу кагаздар) улуттук валюта менен гана сатуу сунушталат. Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын доллар менен көрсөтүүгө тыюу салынат.

Мыйзам долбоордо талапты аткарбагандар жоопкерчиликке тартылары белгиленет.

Exit mobile version