Site icon Reporter.kg

Тоңдо айылдаштарынын дүкөндөрүнө кирип, 1,29 млн сом уурдаган адам кармалды, — милиция

Ысык-Көлдүн Тоң районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, быйыл Кара-Коо айылындагы эки дүкөнгө ууру кирип, 1 млн 291 миң 870 сом алып кеткен.

Биринчи окуя быйыл 18-мартта болгон. Анда беткапчан кылмышкер дүкөндүн арткы эшигин сындырып кирип, 30 миң сом уурдап кеткен. Ал дүкөндөгү терминалды бузуп, анын ичиндеги акчаны алууга аракет кылган. Бирок акчаны ал албай кеткен. Арадан 5,5 ай өткөндөн кийин 2-сентябрда кылмышкер ошол эле дүкөнгө уруулукка кирген. Ал кассадан 10 миң сом жана терминалдан 436 миң сом алып кеткен.

Үчүнчү факт 23-сентябрда болгон. Бул ирет кылмышкер кассадан 1000 сом жана термианалдан 814 миң 870 сом уурдап кеткен.

Бул фактылар боюнча «уурулук» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Кара-Коо айылынын 28 жаштагы тургуну З.К. кармалган.

Милиция билдиргендей, алгачкы суракта шектүү уурулук кылганын мойнуна алган.

Соттун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин 2 айга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Exit mobile version