Ысык-Көлдүн Тоң районундагы 2,3 гектар жер тилкеси бар «Бар-Булак» пансионаты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.
Маалыматта айтылгандай, 2005-жылы Ак-Терек айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары аталган айыл өкмөткө карабаган «Бар-Булак» пансионатын Социалдык фонддун Тоң районундагы бөлүмүнө болгон карызын төлөө үчүн мыйзамсыз берген.
2006-жылы Б.Ж. аттуу жаран бул пансионатты Соцфонддун Тоң райондук бөлүмүнөн 2 млн 542 миң 740 сомго сатып алган. Ал пансионатты мамлекеттик каттоодон өткөрүп, жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт алган.
Бирок 2007-жылы Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотунун чечими менен аталган айыл өкмөт менен Соцфонддун ортосундагы бүтүм жараксыз деп табылган. Ал эми пансионатты сатып алган Б.Ж.га жогорудагы акча каражаты кайтарылган. Бирок жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акт жокко чыгарылган эмес.
Мындан улам Б.Ж. 2006-жылдан тартып бул пансионатты мыйзамсыз пайдаланып келген. Ал пансионатты мыйзамдаштыруу үчүн документтерди жасалмалап, 2016-жылы кредит алган жана пансионатты «Айыл Банкка» күрөөгө койгон.
Ага байланыштуу аталган жаран документтерди жасалмалоо жана кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу боюнча шектелип кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө Б.Ж. күнөөсүн мойнуна алып, «Бар-Булак» пансионатын мамлекеттин балансына өткөрүп берген.