Төө—Ашуу аркылуу туннелден өтүү акысы 1-январдан тарта кымбаттайт.
Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, жаңы жылдан баштап “Сосновка” жана “Кара-Көл” көзөмөл-өткөрүү түйүндөрү аркылуу өтүүнүн жаңы тарифтери күчүнө кирет.
Алсак, жеңил унаалардан 50 сомдон, чет өлкөлүк же транзиттик болсо 200 сомдон алынат. Кичи автобустар жана 3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар – 75 сомдун ордуна 100 сомдон төлөйт. Чоң жүк ташыган транспорт үчүн — 250 сом алынат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз