Site icon Reporter.kg

Төө-Ашууда жүздөгөн унаа тыгында турат (видео)

Төө-Ашуудагы жол тыгын жөнгө салынууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, бүгүн, 16-октябрь саат 08:30га карата Төө-Ашуудагы тыгында турган унаалар түштүк тараптан (Суусамыр тарап) түндүк жакка өткөрүлүүдө. Азырынча түндүктөн түштүккө кеткен тарабы жабык.

«Жакынкы убакта эки тараптуу жолду ачуу  аракети көрүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Жеринде ӨКМдин 66 куткаруучусу, 14 техника иштеп жатат. «Арал» жана «Сосновка» өтмөгүндө жылынуу пункттары уюштурулган. Куткаруучулар жолдогу жарандарга ысык тамак таратууда. Ошондой эле майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө.

Транспорт министрлигинен 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самосвал жолду кардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.  Мындан сырткары ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж жолдогу абалды көзөмөлгө алууда.

Exit mobile version