Төө-Ашуудагы Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин айланасында иретке келтирүү жана оңдоо-түзөө иштери активдүү башталды. Учурда бул тилкеде подрядчы компания атайын техникаларды тартуу менен жердин негизин даярдоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлиги маалымат таратты.
Айдоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатында, убактылуу жолго аң-чөнөктөрдү жамоо иштери да параллелдүү аткарылууда.
Бишкек — Ош унаа жолунун ушул тилкесине капиталдык оңдоо долбоорунун алкагында бир катар жаңылануулар каралган. Тактап айтканда, тоннелдин кире беришинде автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары, сүрөткө тартуу зоналары жана заманбап дааратканалар куруу пландалууда.