Site icon Reporter.kg

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөө алынды

Бүгүн, 2-августта саат 16:00до Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелге киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады.

“Тоннелге асфальт басылып, электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси, тоннелдин бетон плиталарын жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү”, — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version