Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек – Ош унаа жолунун 129-чакырымында «К.Көлбаев» атындагы туннелдин ичинде оңдоп-түздөө иштери жүрүп жатат. Ага байланыштуу унаалардын бардык түрүнө эки тараптуу убак-убагы менен жабылып турат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Оңдоолорго байланыштуу бир күндө 3 маал жол жабылып турат. Тактап айтканда, таңкы саат 4.00дөн 6.00гө, күндүзү 10.00дөн 12.00гө жана 14.00дөн 16.00гө чейинки убактарда туннел өтмөгүндө жол эки тараптуу жабылат.
«Урматтуу жүргунчүлөр! Ош – Бишкек жолуна жолго чыгаарда жол азыгын жана суу камдап алууну унутпаңыздар», — деп эскертет ӨКМ.