Site icon Reporter.kg

Тоодон табылган сөөк 2 адамды өлтүргөн Сергей Смирнов экени аныкталды

2020-жылдын апрель айында Ысык-Көл облусунда тоодон сөөгү табылган эркек кишинин өздүгүн тактоо боюнча жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгы чыкты.

Ысык-Көл облустук милициясынын маалыматына караганда, ал 2019-жылдын июль айында “Хан-Теңири” лагеринен 2 адамды атып өлтүрүп качып кеткен күзөтчү Сергей Смирнов болгон.

Анын сөөгүн 3-апрель күнү жергиликтүү чабандар таап, укук коргоо органдарына кабар берген. Маркумдун жанында ок атуучу курал болгон жана ал өз өмүрүнө өзү кол салган. Оозунан атылган ок башынан чыгып кеткен.

Exit mobile version