Site icon Reporter.kg

Тоодон түшө албай калган португалиялык турист куткарылды

Ош облусунун Чоң-Алай районунда тоодон түшө албай калган португалиялык турист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-июнда ӨКМга Дара жайлоосунда португалиялык турист мотоциклинин дөңгөлөгү жарылып тоодо калып калганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Жерине ӨКМнын 3 куткаруучусу тартылып, туристти унаасы менен тоодон түшүрүшкөн. Аны Ош шаарындагы мейманканага жайгаштырышкан. ӨКМ туристтин абалы туруктуу экенин билдирди.

Exit mobile version