Тоолорго кар түшөт! 10-сентябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Тоолорго кар түшөт! 10-сентябрга карата аба-ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча 10-сентябрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, облустарынын кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт.  Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн  6…11°, күндүз 13…18°;

Таласта түнкүсүн 3…8°, күндүз 12…17°;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14°, күндүз 16…21°;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9°, күндүз 12…17°;

Нарында түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16  градуска чейин ысыйт

 Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт, Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 16…18° жылуу болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 14 метрге жетет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>