Site icon Reporter.kg

Тоолуу аймакта жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүн

2-3-август күндөрү тоолуу аймактарда жаан жаайт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Ага байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Министрлик жарандарды  коопсуздук эрежелерин сактоого чакырат:

— арыктарды тазалап, жээгин бекемдеңиз жана таштанды таштабаңыз;

— турак үй жайгашкан жерде жаан суулары — агып өтүүгө ылайыкталган арыктын болушун камсыздаңыз;

— Үй же сарай салууда, эгин айдоодо сел жүрүү кооптуулугу бар тилкелерге жакын эместигине өзгөчө көңүл буруңуз;

— сел учурунда дароо коопсуз жайга кетиңиз;

— мүмкүнчүлүк болсо үйдөгү свет, суу, газды өчүрүп чыгыңыз.

Exit mobile version