Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт

Өлкө аймагында 1-апрелден 5-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

«Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-(Төө-Ашуу ашуусу), 198-255-(Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Жаңыбазар-Кировка унаа жолунун 72-91-(Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 74-115, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-(Долон ашуусу, Кара-Үнкүр капчыгайы), Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-(Ийри-Суу тилкеси), 67-93-(Кара-Гөө ашуусу), Ош-Сары-Таш унаа жолунун 161-179-(Талдык ашуусу), Сары-Таш-Дароот-Коргон-Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-150-чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 64-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 1-апрелде Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы сакталып турат: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болуп, тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9-метрден, кээ бир райондордо 15-20-метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кармоону, унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат. 1-3-апрелдерде Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында үшүк жүрүшү күтүлөт: өрөөндөрүндө -1…-3°, тоо этектеринде -3…-5° үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүк өрүктүн бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө, данектүү мөмө бактарынын эрте сортторунун бүчүрлөрүнө коркунуч келтирет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>