Эртең, 12-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолорунда жаан жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт.
Кыргызгидрометтин маалыматына караганда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 19…24, Талас жергесинде түнкүсүн 6…11, күндүз 17…22, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25 жана Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус болот. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын табы түнкүсүн 14…19, күндүз 25…30 градуска жетет.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 13…15, күндүз 20…22 градус болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз