Site icon Reporter.kg

Тоолуу аймактарга кар жаайбы? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызстанда 17-18-июнь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Маалыматка караганда, 19-20-июнда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүйдө 18-19-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтүшү мүмкүн, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 33 градуска чейин ысыйт. Таласта 19-июнда күндүз өткүн өтүшү ыктымал. Башка учурда күн ысык болуп, абанын температурасы 29…31 градусту көрсөтөт.

Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жаан себелеп, тоолуу райондоруна жамгыр катуу жаашы күтүлүүдө. Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19-июнь күнү гана жаан жаайт. Ишембиде күн ачык болуп, абанын температурасы 32…34 градуска чейин ысыйт.

Дем алыш күндөрү Ысык-Көлдө өткүн өтүп, жаан жаайт. Абанын температурасы 25 градуска чейин ысык болот. Нарында дагы жаан жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 20…25 градусту көрсөтөт.

Exit mobile version