Site icon Reporter.kg

Топ-10. Жогорку Кеңештин эң көп киреше тапкан депутаттары  

Мамлекеттик салык кызматы чиновниктердин, саясий кызматтагылардын жана Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттарынын 2021-жылга карата декларациясын жарыялады. Декларация боюнча 2021-жылы эң көп киреше тапкан депутаттардын тизмесин сунуштайбыз.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева 2021-жылы 105 миллион сом киреше таап, тизменин сап башына чыкты. Декларацияга ылайык, анын менчигинде төрт батир жана бизнес үчүн колдонулган эки турак жай, ошондой эле дача үйү бар.

Депутаттын кыймылсыз мүлктөн тышкары төрт жер тилкеси бар. Мындан тышкары «Фармамир» компаниясы жана «Рендж Ровер» унаасы бар.

Декларацияда Садырбаеванын жакын туугандары эмнеге ээлик кылары көрсөтүлгөн эмес. Бирок 2021-жылы алар 8 миллион 354 миң сом киреше алышкан.

Депутат Бакыт Тентишев 63,6 миллион сом киреше таап, тизмеден экинчи орунду ээледи. Декларацияга ылайык, анын батири, жер тилкеси жана «Мерседес Е220» үлгүсүндөгү эки унаасы бар. Тентишевдин жакын туугандары 2021-жылы 663 миң сом киреше таап, төрт үйгө ээ болушкан.

Жылдык кирешеси 50 миллион сомду түзгөн депутат Айбек Осмонов тизмеде 3-орунда турат. Анын декларациясында кеңсе имараты, жер тилкеси жана “Мини Купер” үлгүсүндөгү унаасы бар экени жазылган.

Ошондой эле, анын 25 миллион сомдук жылкылары, 7 миллион сомдук бодо жана майда малы бар.Чиновниктин жакын туугандарынын жер тилкеси, батири, гаражы жана “Лексус” унаасы бар.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев 2021-жылы 37 миллион 349 миң сом киреше таап, тизмеден төртүнчү орунду ээледи.

Декларациясында анын менчигинде жер тилкеси, үч жеңил унаасы, анын ичинде BMW X7 үлгүсүндөгү унаа, ошондой эле кичи жүк ташуучу унаа бар экени көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, парламентарийдин жалпы 2 миллион 200 миң сомдук бодо жана майда мүйүздүү малы, 5 миллион жылкысы жана 1,5 миллион сомдук үй канаттуулары бар. Депутат декларациясында «кыймылдуу мүлктүн башка түрлөрү» боюнча 49 миллион 780 миң сом өлчөмүндө көрсөткөн.

Анын жакын туугандары 2021-жылы 7,7 миллион сом киреше таап, батири, гаражы, Toyota Highlander жана Lexus GX 470 унаалары, ошондой эле Freightliner Century жана MAN жүк ташуучу унаалары бар.

Мындан тышкары, Козуевдин жакындары «Хан Строй» курулуш компаниясына ээлик кылышат.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу 2021-жылы 31 миллион 800 миң сом киреше таап, бул тизмеде 5-орунду ээледи. Ал декларациясында сегиз жер тилкеси бар экени көрсөткөн. Ошондой эле парламентарийдин эки үйү, 30 миллион сомдук малы жана “Лексус 570” үлгүсүндөгү унаасы бар.

Коргонбай уулу «KG Восток Сервис» курулуш компаниясында 49%, дүң сатуучу «Жус-Бек» компаниясында 25% үлүшкө ээ. Ал «Көк-Жатык» ишканасына да ээлик кылат.

Депутат Жаныбек Абиров декларацияда 19 миллион 700 миң сом киреше тапканын көрсөтүп, тизмеден 6-орунду ээледи. Мындан тышкары, ал декларациясында анын эки батири, эки турак-жайы жана эки Lexus 570 унаасы бар экенин көрсөткөн. Эл өкүлүнүн дагы 12 жер тилкеси бар.

Мындан тышкары, Абировдун 22,9 миллион сомдук бодо малы, 14,2 миллион сомдук жылкысы бар, анын жакындары 2021-жылы 3 миллион 825 миң сом киреше алышкан, менчик жерлерге ээлик кылышат.

Депутат Данияр Төлөнов декларацияда 2021-жылы 18 миллион сом киреше тапканын жана кыймылсыз мүлкү, жери жок экенин көрсөткөн. Бирок анын 415 миң сомдук бодо жана майда малы, 700 миң сомдук жылкысы бар. Анын жакындары 2021-жылы 7 миллион 167 миң сом иштеп, батирлүү болушкан. Ал бул тизмеде 7-орунду ээледи.

Депутат Жамиля Исаева 2021-жылы 12 миллион 394 миң сом киреше тапкан. Декларацияда кыймылсыз мүлкүн көрсөтпөгөн депутат бул тизмеде 8-орунду ээледи. Бирок ал 340 миң сомдук жылкылары жана 480 миң сомдук бодо малы бар экенин көрсөткөн.

Депутат Улугбек Ормонов 2021-жылы 4,9 миллион сом киреше таап, тизмеден 9-орунду ээлдеи. Ошондой эле анын менчигинде капиталдык имараттар (саны көрсөтүлгөн эмес) жана эки жер тилкеси бар. Декларацияга ылайык, парламентарий ошондой эле ресторанга жана “Лексус” унаасына ээ. Ормоновдун дагы 450 миң сомдук жылкысы, 670 миң сомдук бодо малы бар.

Депутаттын жакын туугандары 2021-жылы 1 миллион 220 миң сом киреше тапкан. Алардын менчигинде үй, капиталдык имарат жана үй жанаша участок бар. Ошондой эле 369 миң сомдук кыймылдуу мүлктөрү жана автоунаасы бар.

Депутат Фарходбек Алимжанов 2021-жылы 4,3 миллион сом киреше таап, бул тизмеде 10-орунду ээледи. Алимжанов өз декларациясында кыймылсыз мүлкүн жана жерин көрсөткөн эмес.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров декларацияда 2021-жылы кирешеси 997 803 сомду түзгөнүн көрсөткөн. Бул президенттин бир айлык маянасы 83,1 миң сомду түздү дегенди билдирет. Анын менчигинде болгону 0,6 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкеси жана гаражы бар.

Декларация-2021. Президент 1 млн сомго жетпеген киреше тапкан

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version