Site icon Reporter.kg

Топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргыз Республикасындагы топтолмо пенсиялык фонддор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2019-жылдын 26-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Аталган мыйзамдын максаты топтолмо пенсиялык фонддор чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү жолу менен топтолмо пенсиялык фонддордун рыногун өнүктүрүү болуп саналат.

Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Exit mobile version