Site icon Reporter.kg

Төрага: Министрликтин экиге бөлүнүшү — келечек үчүн туура кадам

Билим берүү жана илим министрлигинин экиге бөлүнүшү өлкөнүн келечеги үчүн маанилүү чечим болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн, 13-майда, илим, жогорку билим жана инновациялар министри кызматына талапкер Бактияр Орозов менен жолугушууда билдирди.

Төрага министрликти бөлүү демилгесин мурдараак Элдик курултайда көтөргөнүн эске салып, бул чечим аркылуу билим берүү тармагына чоң реформалар киргизиле турганын белгиледи.

«Азыр жаңы технологиялардын заманы. Университеттер менен илимий мекемелер жаратмандардын устаканасына айланышы керек», — деди ал. Ошондой эле талапкерди ыкчам иштеп, жыйынтык көрсөтүүгө чакырды.

Парламент министрликтерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин кошумчалады.

Exit mobile version