Бүгүн, 16-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан санарип маселесинде кыйла артта калып жатканын билдирди.
Ал дүйнө жүзү санарип кызматтарын өнүктүрүп жаткан маалда Кыргызстанда санариптештирүү жай жүрүп жатканын айтты.
«Андыктан, аталган жагдайды негизги маселелердин бири катары карап, өлкөбүздө санариптештирүү кандай жүргүзүлүп жатканын, борбордо жана аймактардагы санариптештирүүгө байланышкан абал кандай экенин талкуулап, чечим кабыл алышыбыз керек», – деди төрага.
Ошондой эле Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ишине көпчүлүк жарандар, анын ичинен депутаттар да нааразы экенин айткан төрага жакынкы күндөрү аталган маселе парламентте караларын белгиледи.
Белгилей кетсек, жыйында депутат Дастан Бекешев да «Түндүк» системасына кошумча дагы бир «Санарип аймак» системасы түзүлгөнүн, аталган тармакта башаламандык орун алып жатканын айтып чыккан.