Site icon Reporter.kg

Төрөбаев Ташиевдин мандатын тапшырбай жатканынын себебин түшүндүрдү

Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин мандатын тапшыруу боюнча чечими Temirov Life иликтөөсүндө айтылган маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынат. Бул туурасында  “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев журналисттерге билдирди.

«Шайырбек Ташиевдин кызматтан кетээрин, анын арыз жазаарын бир тууган агасы, УКМКнын төрагасы  Камчыбек Ташиев билдирген. Шайырбек Ташиев фракцияга кайрылып, мандатын тапшыраарын билдирди. Андыктан ал бардык жагдайларды тактап берүүнү өтүндү. Биз макул болдук, бизге да маалымат керек. Ошондуктан, фракция бардык жагдайларды аныктоо үчүн комиссия же топ түзүү өтүнүчү менен спикерге кайрылды. Бул комиссия кандай иштейт, ким текшерет – укук коргоо органдарыбы, коомдук уюмдарбы, же журналисттерди билбейм. Комиссиянын иши аяктагандан кийин мандат боюнча чечим кабыл алабыз», — деди ал.

Бакыт Төрөбаев ошондой эле Шайырбек Ташиевдин шайлоочуларынан депутаттык мандатын сактап калуу өтүнүчү менен кайрылуулар көп экенин белгиледи.

Шайырбек Ташиевдин бир тууган агасы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев “бир үйгө бир эле саясатчы болсун” – деп, бир тууган иниси Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевди мандатын тапшырат деп жар салган болчу.

Exit mobile version