2025-жылдын январь–апрель айларынын аралыгында өлкө боюнча жалпы 44миң 666 ымыркайга “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмү берилди. Бул 178 миллион 940 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр, 2024-жылдын ушул мезгилинде 48 миң 534 балага жалпы 194 миллион 963 миң сом төлөнгөн болчу.
Министрлик ар бир төрөлгөн бала үчүн “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмдүн суммасы — 4 мин сом экендигин, эгерде үч же андан көп бала бир учурда төрөлсө, анда ар бир наристеге 50 000 сомдон берилерин билдирди.
Бир жолку төлөмдү алуу үчүн жарандар Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ) же Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) органдарына кайрылышы керек. Арызды бала төрөлгөн күндөн тарта алты айдын ичинде берүү зарыл.
Тийиштүү документтер тапшырылып, арыз катталгандан кийин, каражаттар эки иш күндүн ичинде көрсөтүлгөн банктык эсепке которулат. Акчаны РСК Банктын же Айыл Банктын каалаган филиалынан алты айдын ичинде накталай алууга болот.
Министрлик жарандарга мобилдик телефон номерин туура көрсөтүүнү эскертет. Анткени акча каражаты которулгандан кийин банк SMS-билдирүү жөнөтөт.