Site icon Reporter.kg

Төрт банк чек ара чырында жабыркагандардын насыясын кечти

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыркаган Баткен облусунун  чек ара аймактарынын жашоочуларынын насыясын төрт  банк кечти. Бул тууралуу өкмөттүн облутагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, “Мол-Булак”, “Компаньон”, “РСК”, “Бай-Түшүм” банктары чек арадагы окуяда жабыркап, кыйынчылыкка дуушар болгон кардарларынын насыясын кечүү чечимин кабыл алышкан.

Мындан сырткары, “Компаньон” банкы 2 миллион сомдук гуманитардык жардам көрсөткөн. “РСК” Банкы Баткен облусуна 2 миллион 284 миң сом каражат которгон.

Exit mobile version