Site icon Reporter.kg

Төрт эм төрөлгөн үй-бүлөнүн башчысы эмгек министрине эки маселе менен кайрылды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2023-жылы үч кыз, бир уул болуп төрөлгөн төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, жолугушуу учурунда министр жаш үй-бүлөнү куттуктап, төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуя экенин баса белгиледи.

«2023-жылы үй-бүлө төрт бала үчүн ар бири 50 миң сомдон, жалпысы 200 миң сом өлчөмүндө «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн алышкан.

Жолугушууда үй-бүлөнүн башчысы министрден турак жай маселесин чечүүгө жана жумуш менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранды», — деп айтылат маалыматта.

Равшанбек Сабиров министрлик көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону уланта турганын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында министр бул суроону изилдөө үчүн тиешелүү органдарга жеткирээрин белгиледи.

Ал эми Эмгек министрлиги тарабынан үй-бүлөнүн башчысын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшөөрүн айтып, алардын материалдык абалын жакшыртууга жана туруктуу киреше табууга шарт түзөрүн билдирди.

Министр белгилегендей, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, үй-бүлө институтун бекемдөөгө жана өлкөдөгү ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Маалымат үчүн. 2024-жылдын 1-декабрына карата 130,7 жаңы төрөлгөн ымыркайга республикалык бюджеттен жалпы суммасы 524,4 млн сом өлчөмүндө бир жолку «балага сүйүнчү»төлөмү, анын ичинен 42 үч эмге 2,1 млн сом берилди.

Чүйдөгү төрөт үйүндө төрт эм төрөлдү

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version