Ысык-Көл районунда 4 адамдын өлүмүн алган жол кырсыктын чоо-жайы тууралуу ИИМдин ЖККК башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымтка караганда, 9-июнда Кара-Буура районунун Бакыян айылынын 1989-жылы туулган тургуну “Volkswagen Passat” унаасы менен Ысык-Көл облусунун Жети-Өгуз районунун Мундуз айылына барган. Айдоочу чарчаңкы абалда түнкүсүн кайра жолго чыккан.
Балыкчы — Ананьево — Каракол унаа жолунда 10-июнда саат 05:40 чамасында айдоочу уктап кетип, карама-каршы тилкеге чыгып, бет маңдай келе жаткан “Volvo” жүк ташуучу унаасы менен кагышкан. Экинчи унааны Каракол шаарынын 1994-жылы туулган тургуну К.Э., башкарып келе жаткан.
Кырсыктын кесепетинен “Volkswagen Passat” унаасынын айдоочусу К.А., жүргүнчүлөрү — Кара-Буура районунун Ак-Башат айылынын 1964-жылы туулган тургуну А.К., Бакай-Ата районунун 1974-жылы туулган тургуну С.М., Бишкек шаарынын 1977-жылкы тургуну К.У., окуя болгон жерде каза болгон.
Жол кырсык Ысык-Көл РИИБ тарабынан каттоого алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Буга чейин ӨКМдин басма сөз кызматы Балыкчы —Ананьево — Каракол унаа жолунун 98-чакырымында (Комсомол айылы) катталган жол кырсыктан 4 адам каза болгонун билдирген.