Site icon Reporter.kg

Трактор айдоочулар үчүн күбөлүк алуу жеңилдеп жатат

Ушул тапта Жогорку Кеңешке трактор айдаган жарандарга укук бере турган айдоочулук күбөлүктү берүү жоболоруна өзгөрүү кирип жатат. Айыл-чарба министринин орун басары Нурлан Шериповдун айтымында, айдоочулук күбөлүк берүү жеңилдеп жатат.

“Азыр иштеп жаткан мыйзамда тракторист айдоочулук күбөлүгүн алуу үчүн 6 категория менен берилет. Абдан татаал процедура. Ал эми биз сунштап жаткан мыйзамда, булар жеңилдейт.  6 категориянын ордуна, 3 категорияны сунуштап жатабыз.  16 жашында 77 киловатка чейин каз тамандуу тракторлорду айдоого мүмкүнчүлүк алат.  Себеп, азыркы мыйзамда 25 киловатка чейин деп көрсөтүлгөн. Айыл-чарбасында өтө сейрек колдонулуучу тракторлор.  Ал эми 2-категорияны  77 киловаттан 2 кубга чейин сунуштап жатабыз. Бул категорияны бир жылдан соң, 17 жашынан кийин ала алышат.  Ал эми 3-категория болсо 2 жылдан кийин 2 кубдан өйдө ала алышат. Муну менен жарандарга айдоочулук күбөлүгүн алууну жеңилдетет”- деди.  

Exit mobile version