Трамп өзүнүн социалдык тармагын негиздейт

Трамп өзүнүн социалдык тармагын негиздейт

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп 2-3 айдын ичинде өзү негиздеген платформа аркылуу социалдык медиага кайтып келет. Бул тууралуу анын кеңешчиси Жейсон Миллер Fox News каналына билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Анын айтымында, Трамп негиздеген платформа ондогон миллион колдонуучусу бар чоң тармак болот.

Трамптын 6-январда Вашингтондогу башаламандыктар жөнүндөгү билдирүүлөрүнөн улам Twitch, Twitter, Facebook, Instagram жана башка социалдык тармактар анын аккаунттарын белгисиз мөөнөткө чейин жаап салды. Анын баракчаларына чектөө киргизүүгө Вашингтондогу Капитолий имаратын басып алган демонстранттарга кайрылган видео жана SMS билдирүүлөрү себеп болгон. Аларды тынч үйлөрүнө таркап кетүүгө үндөгөндүн ордуна, Трамп аларды патриоттор деп атап, шайлоодо добуштарды бурмалоолор орун алганын жарыялаганы айтылат.

Твиттердин өкүлү Трампка мындан ары өзүнүн платформасын колдонууга мүмкүнчүлүк бербейт деп билдирген. Бул чечим экс-президент кайрадан шайлоого катышса да, президенттик шайлоодо жеңип чыкса дагы күчүндө каларын белгилеген.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>