Трамп АКШдагы башаламандыктарды токтотуу үчүн аскерлерди тарта турганын айтты

Трамп АКШдагы башаламандыктарды токтотуу үчүн аскерлерди тарта турганын айтты

АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөнүн бир катар штатына жайылган башаламандыкты токтотуу үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскердик полициянын күчтөрү тартыла турганын билдирди.

Трамптын айтымында, ал ар бир штаттын өкмөтүнө туруктуулукту орнотуу үчүн Улуттук гвардияны колдонууну сунуштаган.

«Эгер шаар же штат жашоочулардын өмүрү менен мүлкүн коргоо үчүн тиешелүү чараларды көрбөсө, АКШнын армиясын тартып, маселени алардын ордуна тез эле чечип коем», — деди Трамп.

Президент полициянын колуна түшкөн афроамерикалык Жорж Флойдун өлүмүнөн кийин башталган башаламандыкты «ички терроризм» деп атады. Ошол эле маалда Трамп бардык тынч демонстрацияларды колдой турганын кошумчалады.

Трамптын бул билдирүүсүнө чейин полиция Ак үйдүн алдындагы тынч демонстрациянын катышуучуларын таратуу үчүн көздөн жаш агызчу газ жана желим окторду колдонгон.

Өлкөнүн Коргоо министрлиги президент козголоңчу аракеттерге каршы туруу тууралуу 1807-жылы кабыл алынган мыйзамды пайдаланып, шаарга же штатка армия киргизүү ыктымалдыгы боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Protestors are tear gassed as the police disperse them near the White House on June 1, 2020 as demonstrations against George Floyd’s death continue. — Police fired tear gas outside the White House late Sunday as anti-racism protestors again took to the streets to voice fury at police brutality, and major US cities were put under curfew to suppress rioting.With the Trump administration branding instigators of six nights of rioting as domestic terrorists, there were more confrontations between protestors and police and fresh outbreaks of looting. Local US leaders appealed to citizens to give constructive outlet to their rage over the death of an unarmed black man in Minneapolis, while night-time curfews were imposed in cities including Washington, Los Angeles and Houston. (Photo by ROBERTO SCHMIDT / AFP)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>