Трамп «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн жарыялады

Трамп «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери өлтүрүлгөнүн жарыялады

Президент Дональд Трамп АКШнын Йемендеги террористтерге каршы операциясында Араб жарым аралындагы «Аль-Каида» террористтик тобунун лидери Касим аль-Райми жок кылынганын жарыялады. Бул тууралуу centralasian.org жазды.

Трамп 6-февралдагы кайрылуусунда «Касим аль-Райминин өлүмү аймакта жана дүйнөдө «Аль-Каида» террористтик тобун алсыратат» деди. Ал Райми качан өлтүрүлгөнүн айткан жок.

Райми 2015-жылы «Аль-Каиданы» АКШнын аба соккусунан өлгөн Нассер ал-Вухайшининин өлүмүнөн кийин башкарып калган. Ал билдирүүлөрүндө АКШга чабуул коюуга чакырган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>