Трамп Байден жеңгенин, шайлоо “бурмаланганын” билдирди

Трамп Байден жеңгенин, шайлоо “бурмаланганын” билдирди

АКШ президентти Дональд Трамп кечээ, 15-ноябрда президенттик шайлоонун жыйынтыгы тууралуу үн катты.

Ал «Твиттердеги» баракчасына билдирүү калтырып, Демократиялык партиянын талапкери Жо Байден “Шайлоо бурмаланганы үчүн ал жеңди” деп жазды.

3-ноябрда АКШнын президенттигине шайлоо өткөн. ЖМКлар Жо Байден жеңишке жеткенин сегиз күн мурун шайлоонун алдын ала жыйынтыгына таянып жарыялашкан.

Демократиялык партиянын талапкери шайлоочулар коллегиясынын 290 добушуна ээ болгону кабарланган.

Трамп андан бери бир нече күн коомчулукка чыкпай, социалдык медиа аркылуу гана дооматтарын айтып жаткан. 

Трамптын штабы жана республикачылар арсар болгон бир катар штаттарда шайлоо жыйынтыгын сотто талашууга аракеттенишип, бирок көпчүлүк жерде алардын арыздары кабыл алынган жок.

Жо Байден менен вице-президент Камала Харрис өткөөл мезгилдеги өз ишмердигин баштады.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>